БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. WhatsApp колдонуучулар бир тиркемеде эле бир нече мультиаккаунт колдонууга мүмкүн болгон функциясын кошот. Бул туурасында Прайм айгенттиги WABetaInfo порталына шилтеме кылып жазган.
"Учурда бир түзүлүштөн бир нече WhatsApp аккаунттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгышууда. Бул функция Google Play кызматында жеткиликтүү болгон Android 2.23.13.5 үчүн WhatsApp Business бета жаңыртуусунда байкалды", — деп айтылат маалыматта.
Функция меню аркылуу жеткиликтүү болот. Кайсы аккаунтка кире турганын аппараттын ээси өзү тандайт.
"Биринчи кошумча аккаунтту түзгөндө сиз чыгып кетмейин ал түзүмдө сакталып тура берет. Андыктан кааласаңыз телефон аппаратка киргенде ага өтүп кете аласыз", — деп жазылган маалыматта.
Мультиаккаунттар функциясы колдонуучуларга маектерди, жумушка байланыштуу талкууларды жана башка социалдык мамилелерди бир колдонмонун ичинде башкарууга мүмкүндүк берет.
Мындай жаңычылдык купуялуулукту сактоо, маалыматтарды алып жөндөөгө, башка тиркемеге кирбей эле адам өзүнө ылайыктап, аккаунттардан биринчисинен экинчисине өтүп колдонууга шарт түзүп берет.
Порталдын маалыматына караганда, учурда мындай өзгөрүүлөр функциясы иштелип чыгып жатат.