Радио

Усеналиев: Штефан Тарковичтин иши Азия кубогунан кийин билинет

КТРК Спорт телеканалынын комментатору, эксперт Бексултан Усеналиев футбол күйөрмандарынын маданияты эми гана калыптана баштаганын айтты.
Sputnik
Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучулугуна словакиялык Штефан Тарковичтин дайындалганы футболчуларга дем берет. Анткени анын тажрыйбасы курама команданын оюнун жаңы деңгээлге көтөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, машыктыруучу Штефан Тарковичтин иши Азия кубогунан кийин билинет.
"Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучулугуна словакиялык Штефан Тарковичтин дайындалганы футболчуларга дем берет. Анткени анын тажрыйбасы кураманын оюнун жаңы деңгээлге көтөрүшү мүмкүн. Буга чейинки Александр Крестининдин ишине да оң баа берилгени туура болот. Кийинки жылдын башында футбол боюнча Азия кубогу өтөт. Тарковичтин иши ошол чемпионатта билинет. Мындан тышкары, футбол күйөрмандарынын маданияты эми гана калыптана баштады. Бирок күйөрмандар стадионго театрга баргандай келишет", — деди Усеналиев.
Ошондой эле адис Азия кубогунда курама команда кайрадан буга чейинки эң жакшы жыйынтыгын кайталай ала тургандыгын божомолдогонун кошумчалады.
Эске салсак, кечээ, 16-июнда, Бишкекте CAFA Nations Cup-2023 Борбордук Азия турниринин тайпалык баскычынын алкагында Кыргызстан — Иран беттеши өттү. Иран командасы "ак шумкарларды" 5:1 эсебинде жеңип, турнирдин финалына чыкты. Эми Кыргызстандын курама командасы коло үчүн күрөшөт.