Бут менен бел эмнеге ток ургансып сайгылашат? Неврологдун түшүндүрмөсү

Куяң — нерв системасынын жүлүн дүмүрчөктөрүн жабыркатуучу оору.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ар бир кишиде буту же бели ток ургансып сайгылашып, кайра тарап кеткен учур болсо керек. Эгер бул нерсе бат-баттан кайталанып турса, демек, ал киши жакын арада куяң илдетине кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде невролог Надежда Головчанская айтты.
"Куяң — нерв системасынын жүлүн дүмүрчөктөрүн жабыркатуучу оору. Көбүнчө катуу кармап, кийин өнөкөт түрүнө өтөт. Бул илдетте денедеги эң узун нерв (белден буттардын учуна чейин кетет) болуп эсептелген куяң нерви сезгенет. Ошондуктан бел, жамбаш, буттар бирдей сайгылаша берет", — деди дарыгер.
Головчанскаянын айтымында, аталган оору көбүнесе жаш өтүп бара жатканда пайда болгону менен кээде 20, 30, 40 жашта деле кездешип калышы ыктымал.
Сөзүнүн соңунда ал ооруну алдын алуу жолдорун айтып берди. Мисалы, йога, пилатес, сууда сүзүү сыяктуу спорттун түрлөрү абдан пайдалуу. Мындан тышкары, белден ылдый суукка урунуп же жаракат алып калган учурда ден соолукка кайдыгер мамиле кылбай, жакшылап дарыланып алуу сунушталат.
Жайкысын илип алма бут кийим ден соолукту талкалайт. Адистин пикири