Бишкектеги Кыргызстан менен Ирандын футболчуларынын беттеши. Кызыктуу ирмемдер

Борбор азиялык CAFA турнириндеги оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешти.
Sputnik
Максат - турнирдин финалына чыгып, Өзбекстандын курама командасы менен беттешип, жеңилгени коло медаль үчүн күрөшүү болчу.
Таймаш борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Биринчи тайм 2:0 эсебинде ирандык команданын пайдасына аяктады. Экинчи бөлүктө кыргызстандыктар Мирлан Мурзаевдин аракети менен эсеп айырмасын бир голго кыскартты. Ирандыктардын күчтүү чабуулчусу Мехди Тареми эсепти 3:1 кылды. Дагы эки голду Ирандын спортчусу Сердар Азмун киргизди.
Кыргызстандыктар жайынтыгында ирандыктарга 1:5 эсебинде жеңилди.
Бишкекте оюндун кандай өткөнүн Sputnik Кыргызстан сунуштаган сүрөттөрдөн көрө аласыз.
1 / 13

Стадион толо элек, бирок миңдеген күйөрман быйылкы жайдын эң маанилүү футбол мелдештеринин бирин көрүүгө келишти

2 / 13

Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев. Жалгыз голдун ээси.

3 / 13

Кыргызстандын гимни жаңырууда

4 / 13

Футболдук мелдештин башындагы салтуу көрүнүш. Оюндун кандай бүтөрүн азырынча эч ким билбейт

5 / 13

Иран командасынын Кыргызстандын командасынын дарбазасына жетүүсү кыйынчылык деле жараткан жок

6 / 13

Оюн ар бир спортчу үчүн өтө маанилүү эле. Тер төккөн ирмемдер.

7 / 13

Ирандыктар биринчи голду майрамдап жатат

8 / 13

Бул учурда Мурзаев миңдеген көрүүчү күткөн голду киргизип, стадиондогулар ордунан "дүр-р" эте турушту

9 / 13

Таймаш учурунан бир көрүнүш

10 / 13

Чабуул, дарбазачы, кармап калган топ… Мунун баары ар бир күйөрмандын көз алдында турду.

11 / 13

Кыргызстандын командасынын коргоочуларынын бири Кайрат Жыргалбек уулу оюн маалында

12 / 13

Машыктыруучу Штефан Таркович Антон Землянухинди башкалардын ордуна киргизип, оюн талаасына чыгарып жатат

13 / 13

Кыргызстандын курама командасы жеңилди, бирок Ташкентте коло үчүн күрөшөт