"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына ата-энеси ажырашып кеткен кыз ички уйгу-туйгу ойлору, таарынычы менен бөлүшкөн.
Саламатсыздарбы! Менин ата-энем айылда жашайт. Жаштары 44кө келди. Төрт бир тууганбыз. Тайларым коңшу айылда эле турушат. Экөө мектепти бүткөндө бир жыл сүйлөшүп, жакшынакай эле үйлөнүшкөн экен. Чоң атам биз кичине кезде каза болуп калган. Ал эми чоң энем бир жыл мурда көз жумду. Мен — үйдүн улуусумун. Шаарда иштеп жүрөм. Иним быйыл 11-класста, андан кийинки иним 9-класс, ал эми эң кичүү сиңдим 4-класста окуйт. Аны апам бул сапар да өзү менен кошо алып кетти. Мен эс тартканы эле апамдын төркүнүнө кетип калмай адатын көрүп чоңойдум. Атам деле жаман адам эмес. Жаны тынбай иштейт. Ал кезде чоң энем болгондуктан апам төркүнүнө кетерде бизди үйгө, кайненесине калтырып койчу. Эми да кетип калды. Эки айдын жүзү болду. Таятам менен таенем биздин жашоого кирише беришет. Өзгөчө таенем бир нерсе болсо эле апамды үйүнө чакырып калат. Мурда атамдын эжелери да келип апамды урушканын көрүп калчумун. Ал кезде ошого өчөшүп кетип калса керек. Кийин биз чоңойгону алар деле киришпейт. Апасы өлгөндөн кийин такыр эле келбей калышты. Азыр аябай ызаланып турам. Элдин ата-энеси бир дасторкондо кобурашып чай ичип отурса суктанам. Аял жокто үй деле кунарсыз экен. Мурда чоң энем барында билинчү эмес. Жакында айылга барсам үй көзүмө ушунчалык жаман көрүндү. Үч эркек жашагандыктан кыз киши бардай мизилдетип карашпайт да. Ооба, алар деле колунан келишинче идиштерин жууп, үйдү шыпырып коюшат. Бирок апасыз үй муздак. Же атама, бир туугандарыма боорум оорудубу, айтор апамды жаман көрүп кеттим. Ачуум менен чалып тилдеп да салдым. "Атаң үйрөтүп жатабы?" деди. "Атам сизге чалганымды билген да жок. Үйдө ким тоскоолдук жаратып жатат. Өз үйүңүз го. Мурда чоң энеме шылтачу элеңиз. Бизди ойлойсузбу?" дедим. Ошентсе да келе турган түрү жок. Бардык эле үйдө ыйкы-тыйкылар болот да. Акыркы урушушканда апам "кетем, кетем" дей бергенден атам "жогол" деп чаап-чаап жибериптир. Аны уккан таенем жетип келип, алып кетиптир. Мурда апам адатынча кетип калган убакта байкуш чоң апам кемегеде тамагын бышырып, мага камыр жууруганды, кир жууганды үйрөтүп, акыл-насаатын айтчу. Бир ирет "таенең кишидей болсо силерди ойлобойт беле" деп кейип жиберген. Негизинен чоң энеме жакын өстүк. Атам жалгыз бала. Аялы келсе сүйүнүп калат, кетсе унчукпай иштеп жүрө берет. Азыр анын да көңүлү калгандай. Инилерим деле үйлөнөт. Бирок атам эмне болот деп санаа тартам. Азыр ооруп жүрөт. Менчи? Чынын айтсам, күйөөгө тийгенден да уялам. Анткени кайын журтума апам кетип калган же ушундай адаты бар экенин кантип айтам. Күйөөмдөн апам үчүн жаман сөз уккум келбейт. Кандай кылышты билбей калдым...
Психолог Гүлнара Жасоолова: — Бул жерде ата-энесинин ортосундагы чыр-чатакка, түшүнбөстүккө кыз бала ызаланып жатканын көрүүгө болот. Негизинен чатакты эки тараптуу кароо керек. Азыр таенесин да күнөөлөгөндөй жазып жатат. Ошол эле учурда атасы бир чаап койгон экен. Негизи ар бир эне үчүн анын баласын шылдыңдап, уруп же бир чаап койгону да сокку болот. Балким, үстөмдүк болуп жаткандыктан ал киши да кийлигишип кетип жаткандыр. Ошону да жакшылап түшүнүп алуу керек. Апаңызга да айтыптырсыз. Эгер катуу урушуп алсаңыз, кечирим сурап коюу да ашыктык кылбайт. Келечекте жолдошуңуздан ата-энеңиз үчүн катуу сөз угуп, алардын дарегине жаман пикир айтышын каалабайт экенсиз. Эми ушул ойлоруңузду ата-энеңизге да жеткиришиңиз керек. Балким алар да түшүнүү менен кабыл алат. Өткөнгө кайрылып, таарынычты козгогондон көрө келечекти ойлонуу керек. Үй-бүлөнү сактап калууда балдардын да ролу чоң.
Ар бир адам катачылыктарын мойнуна алып, кечиримдүү болсо үй-бүлөнү сактап калат. Бир адамды эле күнөөлөй берсе, анда ынтымак кетип үй-бүлө ыдырайт.