ЖК депутаты Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду.
Белгилей кетсек, Примов жетектеген делегация Россияга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети менен Мамлекеттик думанын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин биргелешкен жыйынына катышуу үчүн барган.
Депутат Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырлардын элесине таазим кылып, белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду. Бул эскерүү иш-чарасы "Орус тили — улуттар аралык баарлашуу тили" жылына арналган КМШнын "Пушкин окуулары" эл аралык парламенттик форумунун алкагында өткөн.
Брест чебин коргогон кыргыз полку. Германиянын архивинен табылган тарых