Радио

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясында 2 376 белек ойнотулат

Салык кызматынын башкы инспектору Жаннат Абдыракманова 2023-жылы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясында байгелер 151 миллион сомго сатып алынарын айтты.
Sputnik
Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы үчүн байгелерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Жаннат Абдыракманова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жылы жалпысынан 2 376 түрдүү баалуу белектер ойнотулат.
"Мамлекеттик салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы үчүн байгелерди сатып алууга тендер жарыялады. Белектер 151 миллион сомго сатып алынат. Салык кызматы лотереяга байге катары 37,1 миллион сомго 20 электромобиль, 80 миллион сомго миӊ iPhone 14 жана 18,5 миллион сомго миң Xiaomi 11T смартфону, 1,4 миллион сомго чет өлкөгө (Дубай) алты жолдомо, эки миллион сомго 40 стайлер жана 12 миллион сомго 300 ноутбук сатып алат. Эскерте кетсем, быйыл Салык кызматы "Чек талап кыл – байге утуп ал!" лотереясынын эки тиражын өткөрөт. 26-июндан 1-июлга чейин 500 Xiaomi смартфону, 500 iPhone, 150 ноутбук, 20 стайлер, Дубайга үч сапар жана 10 электромобиль ойнотулат. Жаңы жылга жакын ошол эле утуш партиясына дагы 10 батир кошулат. Учурда батирлерди сатып алуу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Абдыракманова.
Ал тендер боюнча арыздар 22-июнга чейин кабыл алынарын кошумчалады.