Россияда мигранттардын жашоосун жеңилдетүү каралууда. Депортация ордуна айып пул

Эки өлкөнүн акыйкатчылары Кыргызстан менен Россиядагы мигранттардын, өз жарандарынын укуктарын биргелешип коргоо боюнча сүйлөштү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россияда чет элдик жаран паспортун жоготуп алганын өз учурунда билдирбесе депортация болот, бирок учурда аны жеңил жазага — айып пулга алмаштыруу каралууда.
Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькованын сүйлөшүүсүндө белгилүү болгон.
Акыйкатчынын маалымат кызматынан алар эки мамлекеттин эки өлкөдө жүргөн мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча макулдашканын кабарлады.
Москалькова кыргызстандык мигранттардын Россияда жүрүү шарттарын жеңилдетүү боюнча мыйзамдык деңгээлде чаралар көрүлүп жатканын белгилеген.
Анын айтымына караганда, кыргызстандыктардын Россиядан чыгарылып калганы боюнча арыздар көп түшүп жатат. Кээ бир кыргызстандыктарга РФтин аймагында калышы үчүн көмөк көрсөтүшкөн. Себеби үй-бөлөсү да ошол жакта отурукташкан.
"Мыйзамга ылайык, паспортун жоготкондугу тууралуу өз убагында кабарлабаган адам мажбурлап (өлкөдөн) чыгарылат. Башка жолу жок. Буга байланыштуу мен мындай мыйзам бузуу үчүн административдик айып пул салуу же өлкөдөн чыгаруу каралгандай түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштадым. Документти Юстиция министрлиги карап жатат. Мындай чаралар мигранттарга айып төлөп, өлкөдөн чыгарылбай, Россиянын аймагында калууга жардам берет", — деген Москалькова.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Акыйкатчылар Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча бир топ суроолор өз ара сүйлөшүп, жыйынтыгы майнаптуу болгонун айтышты.
Россиядагы мигранттарды чочуткан эрежелер. Пайдалуу маек