Аткаминердин атын жамынып сизден акча талап кылыштыбы? УКМКга кайрылыңыз

Кечээ УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулумун деп алдап башка адамдардын мүлкүн тартып алган адам кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын жакын туугандарынын атын сатып, кылмышка баргандарга карата катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Мындай фактылар болгон учурда УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312 620585 же 0312 660475 номерлери аркылуу кайрылууга болот.
Атайын кызмат кечээ Камчыбек Ташиевдин уулумун деп алдап башка адамдардын мүлкүн тартып алган адам кармалганын билдирген. Кылмышка шектүү Кыргызстандын жаранынын Toyota Prius унаасын, Россия жаранынын 400 миң рублин коркутуу жолу менен алып кеткен.
Мындан башка да окуялар катталган. 2022-жылдын март айында УКМК Ташиевдин өкүл баласы ишкерден опузалап акча талап кылды деп кармалгандыгын билдирген.
Ал эми 2021-жылы Садыр Жапаровдун агасынын атын сатып, 1,2 миллион доллар алмак болгондор колго түшкөн.
Акыркы эскертүүм! Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды