Чечкиндүүлүгүңүзгө суктанабыз. Садыр Жапаров Си Цзиньпинди куттуктады

Кытай лидери бүгүн 70 жашка толду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, телеграмма жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров Си Цзиньпиндин турмуштук тажрыйбасы жана талыкпас эмгегинин негизинде Кытай Эл Республикасы гүлдөп-өнүгүү жолуна ишенимдүү багыт алып жатканын белгилеген.
"Биз Сиздин эркиңизге жана алдыга койгон максатка жетүүдөгү чечкиндүүлүгүңүзгө суктанабыз. Кыргызстан Сизди кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө зор күч-аракет жумшап жаткан ак ниет дос катары билет", — деп айтылат телеграммада.
Жапаров жакында эле Кытайга жасаган мамлекеттик сапарын эске салып, жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана өз ара ишеним мамилелерин андан ары да илгерилетүүгө негиз түзгөнүн белгиледи.
Президент куттуктоосунда кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин жогорку деңгээлде туруктуу сактоо үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого дайым даяр экенине да токтолгон.
Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Си Цзиньпинге чың ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал эми дос Кытайдын элине бакубаттык, тынчтык жана өркүндөөнү каалады.
Кыргыз-кытай кызматташуусу: Сиань шаарында кол коюлган документтердин тизмеси