Россия "Түндүк агымдардын" жардырылышы боюнча маселени кайрадан БУУда көтөрөт

Март айынын соңунда БУУнун Коопсуздук кеңеши "Түндүк агымдардагы" жардырууну изилдөө үчүн Россия сунуштаган эл аралык комиссия түзүү боюнча резолюциянын долбоорун кабыл албай койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин жыйынында "Түндүк агымдардын" жардырылышы боюнча маселени козгойт. Бул туурасында РФтин БУУдагы өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянскийге таянып РИА Новости жазды.
"15-июнда Россиянын БУУдагы атайын өкүлчүлүгү уюмдун Коопсуздук кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн жабык консультациялык жыйынында "Түндүк агымдардын" жардырылышынын иликтениши боюнча маселени көтөрөт", — деген Полянский.
Эске салсак, быйыл март айынын соңунда БУУнун Коопсуздук кеңеши "Түндүк агымдардагы" жардырууну изилдөө үчүн Россия сунуштаган эл аралык комиссия түзүү боюнча резолюциянын долбоорун кабыл албай койгон.
2022-жылдын 26-сентябрында Европага россиялык газды экспорттогон "Түндүк агым" жана "Түндүк агым-2" түтүктөрүндө жарылуу болгон. Германия, Дания жана Швеция кадимкидей эле максат коюлуп жасалган диверсия болгонун четке каккан эмес. Владимир Путин муну теракт деп атаган. "Түндүк агымдын" оператору Nord Stream AG газ куурларын оңдоонун мөөнөтүн так айтууга мүмкүн эместигин билдирген. Россиянын башкы прокуратурасы эл аралык террорчулук актысы боюнча иш козгоо демилгесин көтөргөн болчу.
"Түндүк агымдагы" жардырууга АКШнын тиешеси бар. Путин Херштин иликтөөсүн колдойт