Кыргызстан менен Россия лыжа кластерин кура турган ишкана түзөт. Видео

Кеп Чүй облусунда жыл төрт маалында тең иштей турган "Бир-Булак" лыжа базасын куруу туурасында жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстан россиялык компаниялар менен биргеликте лыжа кластерин куруу үчүн "Три вершины" ишканасын түзүүдө. Бул туурасында экономика министри Данияр Амангелдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунун программасындагы Россия менен Кыргызстандын экономикалык кызматташуусуна арналган бизнес-диалогдо айтты.
Министр долбоорго кыргыз жана орус тараптан тышкары австриялык инвесторлор да катышууга ниеттенип жатканын билдирген.
Ал Россия менен Кыргызстандын ортосунда саясий пикир келишпестик жоктугун, ал эми өлкөдө "ЕАЭБдеги салык алуунун эң жагымдуу режими" калыптангандыгын кошумчалаган.
Кеп Чүй облусунда жылдын төрт маалында тең иштей турган "Бир-Булак" лыжа базасын 101,3 миллион долларга куруу жөнүндө болуп жатат.
Бишкектин четине "Бир булак" тоо-туристтик эс алуу жайын куруу пландалууда