Июль ичинде аба ырайы кандай болот. Бир айлык божомол

Синоптиктердин маалыматына көз жүгүртсөк, келерки айдагы аба ырайынын температурасы былтыркыга салыштырмалуу бир аз төмөн болорун байкоого болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстанда июлда абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, адаттан тышкары көрүнүш кездешпейт. Бул туурасында Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдирди.
Таблицага көз жүгүртө келгенде аба ырайынын температурасы былтыркыга салыштырмалуу бир аз төмөн болорун байкоого болот.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп +23…+25 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо +16…+18 градус болот. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +13…+18ден тарта +19…+24 градуска чейин өзгөрүп турат. Күндүз +22…+27ден баштап +33…+38 градуска чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нормадан арбын болушу күтүлөт (норма Чүй өрөөнүндө 18-25 мм, тоо этектериндеги райондордо 50-62 миллиметрди түзөт).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп +21…+23 градуска жетиши ыктымал.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9…+14төн тарта +15…+20 градуска чейин чыгат. Күндүз +21…+26 градустан +31…+36 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу мүмкүн (норма 16-20 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +24…+26, тоо этектериндеги райондордо +20…+22 градус жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +14…+19дан тарта +20…+25 градуска, күндүз +23…+28ден тарта +34…+39 градуска чейин чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо нормадан көп болушу (норма өрөөндөрдө 9-16 мм, тоо этектериндеги райондордо 27-44 миллиметрди түзөт) ыктымал.
Соң-Көлдө бетеге азайып, уулуу чөптөр көбөйүүдө. Адистин маеги

Жалал-Абад

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада болуп +24…+26, тоо этектеринде +20…+22 градуска чейин жетери күтүлүүдө.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +14…+19дан тарта +20…+25 градуска чейин, күндүз +23…+28ден тарта +34…+39 градуска чейин чыгышы күтүлүп жатат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нормадан арбын болушу күтүлөт (норма өрөөндөрдө 13-18 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-71 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада туруп +24…+26 градус, тоо этектеринде +20…+22 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +14…+19дан тарта +20…+25 градуска, күндүз +23…+29дан тарта +34…+39 градуска чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө климаттык нормага жакын, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда нормадан арбын болушу күтүлөт (норма 15-17 мм, тоо этектериндеги райондордо 22-24 миллиметрди түзөт).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +17…+19 градустун тегерегинде турат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12 градустан тарта +13…+18 градуска чейин, күндүз +15…+20 градустан +25…+30 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма 30-45 мм, чыгышында 60-81 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +17…+19 градуска жетет. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градустан тарта +11…+16 градуска чейин, күндүз +17…+22ден көтөрүлүп, + 27…+32 градуска чейин чыгышы ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма 24-41 миллиметрди түзөт).
Нормадан 1 градуска жогору... Июнда аба ырайы кандай болот?