Күндөн коргоочу көз айнекти төрт мезгилде тең тагынуу керек. Офтальмологдун кеңеши

Көз айнек көздү гана эмес, анын тегерегиндеги терини да ультрафиолет нурларынан сактайт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Офтальмолог Валентина Меркулова жайкысын күндөн коргоочу көз айнек тагуунун пайдалуу жактарын санап берди. Бул тууралуу Известия басылмасы жазды.
Адистин айтымында, күндөн коргоочу көз айнек рак илдетине кабылуу коркунучун азайтат. Аны жылдын төрт мезгилинде жана бардык аба ырайында тагуу керек. Себеби ал көздү жана анын айланасындагы терини күндүн ультрафиолет нурларынан сактайт. Меркулова зыяндуу нурлар күн бүркөлүп турган маалда да булуттардан өтөрүн айткан.
"Ашыкча көлөмдөгү ультрафиолет нурлары көздүн кыртышынын картаюусун тездетип, ошондой эле кээ бир көз ооруларын жана көздүн тегерегиндеги теринин онкологиялык ооруларынын пайда болушуна себепкер болот. Андыктан өзгөчө жайында күндөн коргоочу көз айнек тагуу маанилүү", — деп билдирген дарыгер.
Офтальмолог көз айнекти туура тандоо керектигин да эскерткен. Себеби оптикалык дүкөндөрдө сатылган көз айнектер күндүн зыяндуу нурларынан коргойт. Ал эми жөнөкөй эле караңгылатылган көз айнек, тескерисинче, көздүн карегин кеңейтип, ультрафиолет нурларынын көзгө көп өлчөмдө түшөрүнө шарт түзөт.
Киши улам ооруй берет. Стресстин иммунитетке тийгизген таасири