ЖК депутаттарынын тобу Кытайга иш сапары менен барды

Алгач делегаттар Хайдиань районундагы шаардын Командалык борборуна барып, акылдуу шаар системасы менен таанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. ЖК төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган депутаттардын тобу Кытайга иш сапары менен барып, бир катар объектилердин ишмердүүлүгүн көрүштү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

ЖК төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган депутаттардын тобу Кытайга иш сапары менен барып, бир катар объектилердин ишмердүүлүгүн көрүштү

2 / 5

Кытай — Борбор Азия диалогунун алкагында барган эл өкүлдөрүнүн катарында Айбек Маткеримов, Балбак Түлөбаев, Улугбек Ормонов, Эмиль Токтошев жана Нуржигит Кадырбеков, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрү бар

3 / 5

Алгач делегаттар Хайдиань районундагы шаардын Командалык борборуна барып, акылдуу шаар системасы менен таанышты

4 / 5

Тагыраагы, инженердик тармактарды башкаруу, коомдук тартипти, жол жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү программалары көрсөтүлдү

5 / 5

Андан соң делегация Сяоми технопаркына барып, электроника тармагындагы инновациялык жетишкендиктерди көргөн

Кытай — Борбор Азия диалогунун алкагында барган эл өкүлдөрүнүн катарында Айбек Маткеримов, Балбак Түлөбаев, Улугбек Ормонов, Эмиль Токтошев жана Нуржигит Кадырбеков, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрү бар.
Алгач делегаттар Хайдиань районундагы шаардын Командалык борборуна барып, акылдуу шаар системасы менен таанышты. Тагыраагы, инженердик тармактарды башкаруу, коомдук тартипти, жол жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү программалары көрсөтүлдү.
Андан соң делегация Сяоми технопаркына барып, электроника тармагындагы инновациялык жетишкендиктерди көргөн. Маалыматта эл өкүлдөрү Кытайдын Коммунисттик партиясынын тарых музейинде болгону айтылды.
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп