БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Украина мурунтадан даярдалган резервдерди колдонуу менен масштабдуу контрчабуулун 4-июнда баштаган, ал дагы деле жүрүп жатат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал учурдагы кырдаал боюнча кезектеги докладды укканын жана украин аскерлери төрт багытта чабуул жасап жатканын айтты.
“Жалпысынан алганда бул, албетте, масштабдуу чабуул. Так стратегиялык резервдерди пайдалануу менен ишке ашкан жана азыр да уланууда. Биз сүйлөшүп жаткан учурда согуш бир нече багытта жүрүп жатат”, — деген Путин кабарчылар менен жолугушууда.
Россия лидери Украина контрчабуул учурунда бир да жерде ийгиликке жетпегенин кошумчалаган.
“Душман эч бир жерде ийгиликке жеткен жок. Оор жоготууга учурап жатат”, — деди Путин.