Диаспора өкүлү: Россияда кызмат көрсөтүү тармагында иштеген кыргыздар көбөйдү

Мурда мигранттарды каттоодо абдан көп кыйынчылыктар болуп келсе, учурда бул жаатта диаспорага арызданып келгендер жокко эсе.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Азыркы учурда мекендештердин көпчүлүгү кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенип калды. Бул тууралуу Тюмендеги (Россия) кыргыз диаспорасынын "Биримдик" коомдук уюмунун ардактуу төрайымы Канзада Сманова Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Анын айтымында, соңку 3-4 жылда Тюменге иш издеп келген кыргызстандыктардын саны өсүп отуруп 15 миңге жетти.
"Мурда мекендештердин көпчүлүгү курулушта иштесе, азыр кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенгендердин саны өстү. Ресторан бизнесинде жүрүп, шеф-поварлыкка чейин жеткендер бар. Мурда кыздарыбыз пол жууса, азыр медайым, дарыгер болуп иштеп жатат. Банкка орношкондор бар. Буга мен абдан кубанам. Көпчүлүк кыргызстандыктар Россиядан ипотека алып, балдары бала бакчага, мектепке барып жатат", — деди Сманова.
Анын айтымында, мурда мигранттарды каттоодо абдан көп кыйынчылыктар болуп келсе, учурда бул жаатта диаспорага арызданып келгендер жокко эсе.
"Азыр мөмө-жемиштин сезону. Тюменде Кыргызстандан келген малина, гилас, абрикос сатылып жатат. Албетте, кемчиликтер дагы бар, бирок иштегиси келген адам жумушту оңой эле табат. Жалкоолорго бардык жерде оор эмеспи", — деди Сманова.
Кыргызстан менен Россиянын билим берүү ведомстволору кызматташат