БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстанда стратегиялык объектилердин тизмесин жаңылоо сунушталды. Коопсуздук кеңеши бул тизмеге дагы беш объектини кошуу өтүнүчүн билдирди.
Алар:
1.
"Учкун" басмаканасы — улуттук паспорт сыяктуу маанилүү документтер басылып чыкчу жай;2.
Раззаков аэропорту — улуттук коопсуздукка түз тиешеси бар, Баткен эли үчүн маанилүү тиричилик объекти;3.
"Гознак" ЖЧКсы — мамлекеттик маанидеги документтерди даярдайт;4.
Башкы прокуратуранын маалыматтык автоматтык тутумдары жайгашкан имараттары — маалыматтык коопсуздукту камсыздоо зарыл;5.
Жалал-Абад шаарындагы учкучсуз учактар аэродрому.Тизмени министрлер кабинети бекитип берүүсү керек. Андан соң алардын коопсуздугу мамлекет тарабынан жогорку деңгээлде камсыздалат.