Чүйдө форель үчүн жем даярдаган завод ачылды. Видео

Өлкөдө өстүрүлгөн балыктын 70 пайыздан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. РКӨФ бул долбоорго жеңилдетилген насыя бөлүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Чүй облусунда Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен форель үчүн европа сапатындагы жем чыгарган завод ачылды. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Долбоорду жеке компания ишке ашырган. РКӨФ 1,3 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүп берди. Бул — жалпы сумманын 70 пайызы.
Заводго заманбап жабдуулар орнотулуп, бардык эл аралык стандартка жооп берет. Максаты — жергиликтүү өдүрүштү өнүктүрүү.
РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков балык экспортунун потенциалы Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгиледи. 2020-жылы өлкөдө 5 миң тонна балык өстүрүлсө, 2022-жылы бул көрсөткүч 20 миң тоннага жеткен.
"Өстүрүлгөн балыктын 70 пайыздан ашыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнө чыгарылат. Буга чейин балык чарбалары үчүн жем өндүрүлгөн эмес. Мындан улам РКӨФ бул долбоорду колдоону чечкен. Бул биздин өлкө үчүн уникалдуу завод болуп саналат", — деди Новиков.
Завод бир суткада 30 тоннага чейин жем чыгара алат.
"Жакын арада завод ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн керектөөсүнүн 50 пайызын камсыздоого жетишет. Бара-бара компания ички рынокту камсыздап тим болбой, продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнө да чыгарат деген ишеним бар", — деди Новиков.
Ал РКӨФ президент менен министрлер кабинетинин өлкө экономикасын жаңыча индустриализациялоо боюнча программасын ишке ашырып жатканын белгиледи. Фонд портфелинин 60 пайыздан ашыгы агроөнөр жайга жана өндүрүшкө басым жасоодо.
Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев РКӨФтүн ишкерлерди колдоодогу салымын жогору баалады.
"Учурда бизнесмендердин көбү фондудан эч кыйынчылыксыз каржыланып жатат. Мындан улам ушул сыяктуу өндүрүштү ишке киргизүүгө жол ачылууда", — деди ал.
ЕАӨБ Куланак ГЭСинин курулушуна 44 млн. доллар бөлөт