Сузакта акча алмаштырабыз деп 2,7 млн. сомду карактап кеткендер кармалды

Шектүүлөр Бишкек, Ош жана Кербен шаарларынан колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунда акча алмаштырабыз деп 2,7 миллион сомду алып кеткен кылмыштуу топ кармалганын облустук милиция кабарлады.
Маалыматта 31-майда болжол менен саат 21:00дөрдө Жалал-Абад шаарынын 55 жаштагы тургунун тааныш жигиттер "алмаштырып бериңиз, акчаны үйдөн алып беребиз" деп алдап, Сузакка келгенде мойнуна бычак такап 2 700 000 сом акчасын алып качып кетишкени айтылат.
Окуяны Сузак РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен каттап, кылмыш ишин козгогон.
"Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Бишкек, Ош жана Кербенден беш кишини кармашкан. 22 жаштан 27 жашка чейинки шектүүлөр Аксы менен Ноокаттын тургундары болуп чыкты. Бешөө тең эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Бишкекте эркек кишини уурдаган шектүүлөр кармалды