Мэр курулуш компаниялардан Бишкектин түштүгүндөгү жолдорду курууга жардам сурады

Учурда Бишкектеги “Түштүк” пландоо зонасында 34 курулуш компаниясы курулуш иштерин жүргүзүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров курулуш компанияларын калаанын түштүк тарабын пландоо зонасында учурда объектилери курулуп жаткан өздөрүнүн турак жай комплекстерине алып баруучу жолдорду курууга көмөктөшүүгө чакырды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров курулуш компанияларын калаанын түштүк тарабын пландоо зонасында учурда объектилери курулуп жаткан өздөрүнүн турак жай комплекстерине алып баруучу жолдорду курууга көмөктөшүүгө чакырды

2 / 3

Мэр чарчы метрдин баасы өнүккөн инфраструктурага: бала бакчаларга, мектептерге, дүкөндөрдүн жакындыгына, ыңгайлуу кирүүчү жолдорго, көчөлөргө түздөн-түз байланыштуу болорун белгиледи

3 / 3

Ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү мэрдин пикири менен макул болуп, жол салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин айтышты.

Мэр чарчы метрдин баасы өнүккөн инфраструктурага: бала бакчаларга, мектептерге, дүкөндөрдүн жакындыгына, ыңгайлуу кирүүчү жолдорго, көчөлөргө түздөн-түз байланыштуу болорун белгиледи.
“Ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү мэрдин пикири менен макул болуп, жол салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин айтышты. Өз кезегинде алар менен да өз-өзүнчө жолугуп, алдыдагы пландарды талкуулоо чечими кабыл алынды”, — деп айтылган маалыматтарда.
Жыйында "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин башчысы Урмат Карыбаев Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн уландысы, Куттубаев, Молдобасанов жана борбор калаанын жогорку бөлүгүндөгү аты жок көчөлөргө асфальт төшөө зарылдыгын белгилеген.
Октябрь райондук администрациясынын башчысы жуманын аягына чейин курулуш аянты боюнча алдын ала эсептөөлөрдү жана анализдерди берүүгө даяр экенин билдирди. Жол курулушунун көлөмүн чарчы метрге болжолдуу бөлүү чечими кабыл алынган.
Учурда Бишкектеги “Түштүк” пландоо зонасында 34 курулуш уюму курулуш иштерин жүргүзүүдө.
КРде көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча жобо иштелип чыкты. Урунттуу учурлары