Кыргызстанда биринчи ирет чет элдик жаранга мекен-карт берилди

Мекен-карт — боордоштордун мамлекеттик мааниге ээ болгон документи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу чет элдик жаранга мекен-карт берилип, ал мекендеш макамына ээ болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Документти Исанбек к. Ж. аттуу Россия жаранына министр Талантбек Иманов тапшырган. Мекендештин ата-энеси Кыргызстанда жашайт.
1 / 2

Бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу чет элдик жаранга мекен-карт берилип, ал мекендеш макамына ээ болду

2 / 2

Документти Исанбек к. Ж. аттуу Россия жаранына министр Талантбек Иманов тапшырган

Тарыхы
Мекен-картты 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков демилгелеген. Тиешелүү мыйзам 2020-жылдын 4-августунда кабыл алынган.
Максаты — Кыргызстандын атуулдугунан чыгып кеткен боордоштордун укуктук абалын жакшыртуу. Жарандар "Чет элдик жарандыгы бар мекендеш" деген статуска ээ болот.
Мекен-карт кимге берилет?
Мекен-карт — боордоштордун мамлекеттик мааниге ээ болгон документи. Аталган статус Кыргызстандын мурдагы жарандарына, алардын балдары, неберелерине жана Кыргыз ССРинде туулган чет элдиктерге да берилет. Ал документти Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөрдүн жарандары ала албайт.
Мекен-карт 10 жылдык мөөнөткө берилет, баасы 10 миң сом.
Мекен-картты алгандан кийин жаран төмөнкүлөргө укуктуу болот:
визасыз кирип-чыгуу;
жашап туруу документин толтурбай эле КРдин аймагында туруктуу жашоо;
эмгек визасын толтурбастан жумушка уруксат албай эле ишке орношуу;
кыргызстандыктар менен катар эле медициналык жана билим берүү кызматтарын колдонуу;
айыл чарба багытындагы жерлерди алуу.
Шайлоого, шайланууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө, укук коргоо органдарында, коргонуу жана сот системасында иштөөгө укугу жок.
Мекен-карта боордошторго кандай укук берет? Документте каралган жеңилдиктер