Радио

Усупбаев: кен казган компаниялар Кызыл китептеги өсүмдүктөрдү жок кылууда

Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору, өсүмдүк боюнча адис Адилет Усупбаев экология маселесине өлкө башчысы көңүл буруп, жок кылынып жаткан өсүмдүк, бадал, бак-дарактарды сактап калуу керектигин айтты.
Sputnik
Кен казган компаниялар Кызыл китепке кирген, эндемикалык өсүмдүктөрдү жок кылууда. Бул жаратылыштын, экологиялык системанын бузулушуна алып келерин Адилет Усупбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кен казган компанияларга лицензия берүүдөгү, экологиялык экспертиза чыгаруудагы процесстерге катуу маани берилиши зарыл.
"Кыргызстандын аймагында 4 миңден ашык өсүмдүктүн түрү өсөт, алардын ичинен 83ү Кызыл китепке кирген. Ал эми өсүмдүктөрдүн 10 пайызы эндемикалык деп эсептелет. Бизде "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу аймак жөнүндө" мыйзамдары, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча өкмөттүн токтому, "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамда пайдаланылган жерди кайра калыбына келтирүү деген пунктулар бар. Бирок бүгүнкү күндө кен казуу иштеринде өсүмдүктөрдү коргоо талабы таптакыр сакталбайт. Арасында Кызыл китепке кирген, эндемикалык өсүмдүктөр жок кылынууда. Бул жаратылыштын, экологиялык системанын бузулушуна алып келет. Андыктан кен казган компанияларга лицензия берүүдөгү, экологиялык экспертиза чыгаруудагы процесстерге абдан маани берилиши керек. Коррупциялык көрүнүштөр жок болмоюн бул иш жолго коюлбайт. Мындай көйгөйгө өлкө башчы маани бериши керек", — деди Усупбаев.
Ошондой эле адис экологиялык көйгөйлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу керектигин кошумчалады.