Ботаникалык бакта өспүрүмдү бычактап кетишти

9-июнда милицияга аял белгисиз бирөөлөр уулун бычактап кеткендигин айтып, кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Ботаникалык бакта өспүрүмдү бычактап кетишти. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдирди.
9-июнда милицияга аял белгисиз бирөөлөр уулун бычактап кеткендигин айтып, арыз менен кайрылган.
Милиция Кылмыш кодексинин 130-беренесинин ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") негизинде кылмыш иши козголгон. Бул окуядан кийин 16 жаштагы өспүрүм кармалып, тергеш үчүн эки айга Вознесеновка айылындагы колонияга киргизилген.
Сузакта петардадан окуучунун бети күйүп калды. Эки жетекчи иштен алынды