Президент сынга алган Тамчыдагы аялдамалардын ордуна жаңысы курулду. Видео

Прокуратура жупуну көрүнгөн эки аялдама 844 миң сомго курулганын аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортунун маңдайындагы чуу жараткан эки аялдаманын ордуна жаңысы курулду.
Анын видеосу менен активист Эртай Искаков бөлүшкөн.
Эске салсак, май айында жупуну көрүнгөн аялдамаларды 844 миң 100 сомго курдурган деп Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы, Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору кармалган. Аткаминерлерге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.
Садыр Жапаров Ысык-Көлгө барганда бул аялдамаларды кокусунан көрүп калып таң калганын айтып, аларды жадагалса 40 миң сомго дагы курбайт болчумун деген.
"Тамчынын аэропортунан чыгып эле кайра бери кайрылдым. Жолдун жээгинде.., кечиресиздер, орой сүйлөсөм, ажаткана турат. Эми аялдама.., ажаткана сыяктуу. Чалып муну ким курду дедим. Башкы прокуратура 3 күндөн кийин маалымат берди. 840 миң сом коротуптур. 840 миң! Ошону мен 40 миңге да курбайт элем", — деген президент.
Ошондой эле Жапаров коррупцияга шектелгендер алган акчасын мамлекетке 10 эселеп төгөрүн айткан.
Садыр Жапаров: желген акчаны эки эмес, 5-10 эсе кылып өндүрүүнү карап жатабыз