Киевди ким өзүнүн Куралдуу күчтөрү менен колдоп, мындай коркунуч канчалык реалдуу экени жана Россия үчүн бул эмнени туюндурары тууралуу Ренат Абдуллиндин макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Кооптондурган эскертүү
НАТОну 2009-жылдан 2014-жылга чейин башкарган Расмуссен президент Петр Порошенконун бейрасмий кеңешчиси болгон. Зеленскийдин тушунда ал консультациялык топту жетектеген. Мындан тышкары, ал дүйнө жүзүнө "демократиялык баалуулуктарды" жайылтуучу "Демократиялар альянсы" коммерциялык эмес уюмду түптөгөн.
Ал жакында эле Вашингтон жана бир нече европалык борбор калааны камтыган иш саякатынан кайткан. Сапарынын жүрүшүндө альянстын июлдук саммитине камылгадан кабар алууну көздөгөн. Вильнюстагы ошол жолугушууда Украинага коопсуздук кепилдиктери берилип, блоктогу мүчөлүгүн камсыздай турганын, антпесе жаңжал дагы ырбайт деген пикирди карманат.
Альянстагы америкалык туруктуу өкүл Жулианна Смит да өз кезегинде: "Биз Украинанын НАТО менен мамилесинин көптөгөн варианттарын карайбыз", — деди. Расмуссендин пикиринде, аскердик блоктун кээ бир катышуучулары "Украина Куралдуу күчтөрүнө көмөктөшүү үчүн украиналык территорияга аскердик күчтөрүн киргизе алышат".
Киевге ким жан тартат?
"Бул багытта Польша жигердүүлүгүн күчөтөт, анын артынан Балтика өлкөлөрү күчтөрүн киргизиши мүмкүн, — деген ойдо ал. — Менимче, Украина Вильнюстан куру кол чыкса, поляктар андай коалицияны топтоо үчүн олуттуу түрдө баш катыра баштайт". Ошондой эле ал Киев өзү да көңүлүнө жакын мамлекетттерге түз аскердик жардам сурап кайрылышы ыктымал экенин, андай кадамы мыйзамдуу болорун белгилейт.
Украинадагылар азырынча өтүнүчтү аткарышарына анчейин ынанышпайт. "Куралдуу жаңжал аяктамайынча чет мамлекеттер күчтөрүн киргизишпейт", — деди Украина тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба. Мындай ойду украиналык аткаминер Расмуссендин сөзүнө жооп катары телеэфир убагында билдирген.
Киевге коопсуздук кепилдиктерин Кошмо Штаттар былтыр эле берген. Кыязы, НАТОнун бөлөк мүчөлөрү да анын жолун жолдойт окшоп калды. "Чоң жетиликтин" саммитинин алкагындагы өткөн айдагы маегинде ФРГ канцлери Олаф Шольц Украинаны согуштук аракеттер аяктагандан кийин да заманбап курал менен камсыздоого даяр экенин билдирген. Ал эми франциялык ТИМ кепилдиктер жөнүндө расмий билдирүү да чыгарган.
Расмуссендин көз карашында, алардын баары жазуу түрүндө бекитилип, НАТОнун саммитине дейре Киевге берилгени маанилүү. Бирок бул да жетишсиз экенин эскертти ал. Украинанын келечеги алдыда дагы талкууланат.
"Чыгыш европалык лидерлердин бир даары менен пикир алыштым. Алар Украинанын НАТОго кириши үчүн так жол картасы көрсөтүлүшүн күтүшөт", — дейт Расмуссен. Вильнюста расмий сунуш айтылбаган күндө да куру дегенде келерки жылга (кийинки саммит Вашингтондо өтөт) убада кылуу керектигин белгилейт.
Альянстын мурдагы башкы катчысы Швеция менен Финляндиядай эле Киевге жеңилдетилген жол-жобо керектигин айтат. Аталган мамлекеттер "жеке планды" иштеп чыгуу өңдүү баскычтар кыскартылган. "Андан азга украиналыктар алымсынбайт", — дейт даниялык саясатчы.
Түз кагылыш
Эксперттер натолук экс-катчынын Украинага европалык аскердик күчтөрдүн киргизилиши жөнүндөгү божомолу Россия үчүн кооптуу белги экенин айтышат. "Расмуссендин жоромолу НАТО менен түз жаңжалды туюндурат, — дейт Аскерий-саясий анализ бюросунун эксперти Павел Калмыков. — Ал сөздөрү кандай реакция жаратарын сопсонун түшүнөт. Бул – кезектеги чагым. Акырын тамыр тартып көрүү аракети. Мындай майда кадамдар улам олуттуу тартып, атап айтканда, рация менен ок өткөрбөс күрмөдөн танк менен учактарга өтүп кеткенине күбө болбодукпу".
Россия Илимдер академиясынын Эл аралык экономика жана мамилелер институтунун европалык изилдөөлөр борборунун улук илимий кызматкери Владимир Оленченко башка жагдайларга көңүл буруу керектигин жактайт.
"Расмуссен Кошмо Штаттардын көз карашын ачыктап жатканы айдан ачык, — дейт эксперт. — Вашингтон Украина менен НАТОнун жакындашуусуна, ошону менен бирге эле согуштук аракеттердин маалында кандайдыр коопсуздук кепилдиктерин берүүгө абдан кызыкдар. Америкалыктардын стратегиясы ошондой эмеспи. Алар батыштык союздаштарынын башын кошууга тырышат. Эгер европалыктар Россия менен толук масштабдуу согушту каалашпаса, алар Киевге азыр кол кабыш кылгандары оң.
Польша менен Балтика мамлекеттери ушул тапта америкалык таасирдин инструменттери болуп жатканын белгилейт Оленченко. Эгер кеп аскерлерди киргизүү жөнүндө болсо, зарыл учурда алар тийиштүү көрсөтмө алышат. "Москва андайга жол бербейт. Батышка да андай пайдалуу эмес. Бул — үчүнчү дүйнөлүк согушка кептей турган жышаан", — дейт саясат таануучу.
Польша менен Балтика өлкөлөрү — дүйнөлүк саясаттын субъектилери эмес, Вашингтон менен Брюссель Украина сымал эле аларды садага чабышы ыктымал деп кошумчалайт ал. Эгер бул ишке ашырылбаса, өзөктүк куралды колдонуу жөнүндөгү маселе олуттуу карала баштайт.