Статком: жыл башынан бери Кыргызстанда баалар 4,3 пайызга өстү

Sputnik
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызстанда быйыл январь-май айларында 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,3 пайызды түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 6,5 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 3,2 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 4,9 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 5,2 пайызга жогорулаган.
Баалардын жана тарифтердин жогорулашы өлкөнүн бардык региондорунда байкалды. Максималдуу өсүү (8,2 пайызга) Нарын облусунда катталган. Мунун себеби тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын (6,5 пайызга) наркы башка региондорго салыштырмалуу жогорулашы менен шартталган.
Пресс-борбор
Кыргызстанда жаңы туристтик объектилерди үч жылга салыктан бошотуу сунушталды