Төө-Ашуудагы тоннелдин жолдорун оңдоо иштери башталды. Жол кыймылын чектөө сааттары

Жолду оңдоо иштери 30-июнга чейин жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бүгүн, 10-июндан баштап, Ош — Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин 129-500-чакырымынан тартып 129-750-чакырымына чейинки аралыктагы жолдун бир бөлүгүндө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолду оңдоо иштери 30-июнга чейин жүрөт. Буга байланыштуу маал-маалы менен унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип турат.
Чектөө графиги:
Саат 05:00дөн 08:00гө чейин;
Саат 10:00дөн 12:00гө чейин;
Саат 14:00дөн 16:00гө чейин.
Айдоочуларга чектөөлөрдү эске алып, жол кыймылын алдын ала пландап алуу эскертилди.
Бишкекте эми түнкүсүн муздак суу өчүрүлүп турат. График