Кыргызстанда орточо маяна 31 миң сомго чукулдады

Өткөн жылдын соңуна салыштырганда эмгек акылар 4 322 сомго көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстанда орточо маяна 30 862 сомду түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин январь-апрель айларына карата берген маалыматында камтылган.
Ага ылайык, орточо эмгек акы былтыр декабрда 26 540 сомду түзгөн, быйыл май айына чейин 4 322 сомго көбөйдү. Эң жогорку маянаны Ысык-Көл облусу ( 39 106 сом) менен Бишкекте (36 026 сом) иштегендер алат. Ал эми эң азы Ош облусунда (23 424 сом) төлөнөт.
Бюджеттик тармактарда болсо орточо айлык 26 784 сомду түзөт. Ошол эле учурда жеке жактарда эмгектенгендер андан 10 710 сомго көбүрөөк алышат.
Өкмөт прокурор каза болсо берилчү компенсацияны 12 эсе азайтууну сунуштады