БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Россиянын "Росатом" мамлекеттик корпорациясы менен радиофармацевтикалык дарыкана жана алдыңкы ыкмаларды колдонуп онкология жана башка оорулардан дарылоочу борбор ачууга белсенүүдө. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Министр Гүлнара Батырова менен корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев өз ара түшүнүшүү жана саламаттык сактоодо атомдук технологияларды колдонуу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Ошону менен бирге Кыргызстандагы жогорку технологиялык медициналык кызматтарды өнүктүрүү үчүн биргеликте иш алып баруу ниетин билдиришкен.
"Кызматташтыктын башкы максаты радиофармацевтикалык дарыкана жана алдыңкы ыкмаларды колдонуп онкология жана башка оорулардан дарылоочу борбор түзүү болуп саналат. Макулдашуунун алкагында учурда технологиялык жактан жабдуу жана жалгыз фотондук эмиссиялык компьютердик томография бөлүмүн пайдаланууга берүү маселеси боюнча кызматташып жатат. Анын катарында Бишкектеги Онкология жана гематология улуттук борборунун базасындагы радиофармацевтикалык дарыкана да бар. Бул долбоор МАГАТЭнин технологиялык колдоо программасынын алкагында ишке ашырылып жатат", — деп жазылат маалыматта.
"Росатомдун" башчысы кыргыз өнөктөштөрү менен биргеликте инновациялык технологияларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жаралганына кубанып турганын белгилеген.
"Муну менен биздин өлкөлөрдөгү адамдардын саламаттыгы жакшырып, узак өмүр сүрүшүнө олуттуу салым кошобуз. Биринчи этапта биз кесиптештер менен медициналык инфраструктура объектилерин биргелешип куруу форматында кызматташууну пландап жатабыз. Андан ары саламаттык сактоо жаатында өз ара иштешүү спектрин кеңейтүү ниетибиз бар", — деп айткан Лихачев.