Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Пентагон Киевге 2 млрд. долларлык курал-жарак пакетин даярдады

Москва Батыш мамлекеттерине Украинага жеткирилген курал-жарак эч нерсе өзгөртпөй турганын, жаңжалды гана узартарын эскертип келет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Пентагон жума күнү Украина үчүн эки миллиард доллардан ашуун суммага курал-жарак пакетин даярдаганын жар салат. Бул тууралуу Bloomberg АКШ администрациясындагы маалымат булактарына таянып жазды.
Кабарда Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү демилгесинин алкагында бөлүнгөн акча Hawk ракеталарын жана Patriot зениттик-ракеталык комплекс үчүн ракеталарды сатып алууга жумшалары айтылган.
Bloomberg агенттигинин маалыматы боюнча мында кеп Lockheed Martin өндүрүшүнөн чыккан Patriot Advanced Capability-3 (PAC-3) зениттик жана Raytheon Technologies чыгарган GEM-T ракеталары тууралуу болуп жатат.
Москва Батыш мамлекеттерине Украинага жеткирилген курал-жарак эч нерсе өзгөртпөй турганын, жаңжалды гана узартарын эскертип келет. РФ ТИМинин лидери Сергей Лавров АКШ менен НАТО курал жөнөтүп жана кадрларды даярдап берип тирешүүгө түз катышып жатканын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Ланцет-3" Украинадагы чет элдик зениттик-ракеталык комплексти талкалады