Сот Дамира Ниязалиеванын талапкерлиги боюнча БШКнын чечимин колдоду

Бишкек ШИИБи талапкердин добуш сатып алгандыгы тастыкталганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык административдик соту БШКнын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиевага берилген добуштарды жокко чыгаруу чечимин колдоду.
Мекемеден маалымдалгандай, талапкердин өкүлдөрү БШКнын бул чечимине макул болбой сотко кайрылышкан.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Ниязалиеваны жоопкерчиликке тартуу боюнча өтүнүчтү канааттандырган. Бишкек ШИИБдин жетекчисинин орун басары Чынарбек Майлыбеков тергөөдө талапкер добуш сатып алганы тастыкталганын билдирген. Мындан улам аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сураган.
Натыйжада БШК Ниязалиеванын талапкер катары каттоосун жокко чыгарып, аны жоопко тартууга уруксат берген. Муну менен анын шайлоодо алган добуштары дагы жокко чыгарылган.
Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкер бул чечим менен макул болбосо сотко даттанууга укуктуу экенин белгилеген.
Бишкек шаарындагы Ленин шайлоо округунда талапкерди тандоо жараяны 28-майда өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, Дамира Ниязалиева 6 249 добуш алып алдыга чыккан.
Мыйзам боюнча, эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт. Ниязалиевага берилген добуштар 35,86 пайызды түзөт.
Сот депутат Өмүрбек Бакировду добуш сатып алган деп мандатынан ажыратты