Президент Жапаров эл аралык Астана форумуна катышууда

Форум тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине арналган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн "Астана" Конгресс-борборуна келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Иш-чара саламдашуу аземи жана Форумга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен келген өлкө лидерлеринин жана делегация башчыларынын биргелешип сүрөткө түшүүсү менен башталды.
Форум тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине арналган.
Сапардын жүрүшүндө Жапаров "Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда" темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.
Форум Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси жана колдоосу астында өтүп жатат. Анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү боюнча маселелер талкууга алынат.
Катар эмиринин Кыргызстанга сапары. Салтанаттуу иш-чарадан сүрөттөр