БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев төрага Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги суу көйгөйү боюнча пикирин сынга алды.
Эл өкүлү Кыргызстан суунун башында туруп, ичүүчү суусу жок болгону кечирилгис нерсе деп эсептейт.
"Кечээ күнү "мөңгүлөр эрибесе биз эмне кылалы" деп айтып жатабыз. Туура, бирок алар эрибейт деп отура берсек болбойт. Биз маселени чечип беришибиз керек. Шаар мэриясы эки жылдан бери өкмөткө "жаңы суу кампалар керек, жер бөлүп, каражат карап бергиле" деп кайрылып жатыптыр. Аны чечпей койгондун кесепетинен бизде суу жок болуп жатат. Көрсө, 100 миллион сом, төрт жактан жер тилке керек экен. Бүгүн саат 11де Бюджет комитетинен ошол акчаны карап бөлдүртүп берели. Мэриянын колунан келбей жатса, өкмөт чечпей жатса, анан ким кылыш керек? Өзүбүз киришпесек болбой калды", — деди Маматалиев.
Кечээ Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Бишкек шаарындагы суу көйгөйүн көтөрүп, калаа мэри Эмилбек Абдыкадыровду чакырып маалымат угууну талап кылышкан. Бирок төрага Нурланбек Шакиев "биз бул жерде караган менен суулар көбөйүп, мөңгүлөр эрип кетпейт" деп парламентарийлерди чарбалык иштерге көп аралашпоого чакырган.