БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев эмдиги жылы КМШ менен ЕАЭБдин жаш ишкерлеринин жана стартаптарынын форумун уюштурууну сунуштады.
Бул тууралуу ал Сочи шаарында ЕАЭБ жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын өкүлдөрүнүн эртең мененки иштиктүү тамактануусуна катышып, сөз сүйлөгөндө айтты.
"Жаштар форуму КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш адистеринин ачык диалогунун жыл сайын өтүүчү аянтчасы жана жакшы салты болуп калат деп ишенем", — деген ал.
Касымалиев ошондой эле "быйылкы Жаштар форумунун жыйынтыгы евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди тереңдетүү боюнча боордош өлкөлөрдүн чыгармачыл жаштарынын жаңы демилгелери болоруна" үмүт артканын айткан.
"Биздин өлкөлөрдүн жаштарына эң мобилдүү жана активдүү коомдук күч катары бүгүнкү күндө чоң миссия жүктөлгөн. Сиз Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстердин провайдери болушуңуз керек. КМШнын Аткаруу комитети менен Евразия экономикалык комиссиясына келерки жылы КМШ менен ЕАЭБдин жаш ишкерлеринин жана стартаптарынын форумун уюштуруу маселесин карап көрүүнү сунуштайм", — деп сөзүн жыйынтыктаган Касымалиев.
Белгилей кетсек, эртең мененки тамактануу 7-9-июнь күндөрү Сочи шаарында өтүп жаткан КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн II жаштар форумунун алкагында болду.
Эске салсак, I форум Чолпон-Ата шаарында ЕАЭБ органдарында Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында өткөрүлгөн. Жаштар форуму КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш ишкерлерин жана кесипкөй жаштарын евразиялык интеграция процесстерине кеңири тартуу жана аны илгерилетүүгө жаш муундун өзүн-өзү калыптануусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.