Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Каховка ГЭСиндеги окуядан кийин беш киши каза тапты

Жетекчи ооруканага негизинен жүрөгү кармап жана катуу үшүп, суукка кабылган адамдардын түшкөнүн айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Каховка ГЭСи бузулгандан кийин беш киши көз жумду. Бул тууралуу Жаңы Каховка шаардык округунун башчысы Владимир Леонтьев "Соловьев Live" эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мал жайып жүргөн жети кишинин ичинен бешөөнү суу алып кеткен. Азыр эки кишини сактоо иштери жүрүүдө", — деген аткаминер.
Херсон облусунун эмгек жана социалдык саясат министри Алла Бархатнова "Россия 24" каналынын эфиринде аталган окуядан кийин 41 адамдын ооруканага түшкөнүн билдирген. Жетекчи ооруканага негизинен жүрөгү кармап жана катуу үшүп, суукка кабылган адамдардын түшкөнүн айтты.
6-июнга караган түнү украин армиясы Каховка ГЭСинин жогорку бөлүгүн "Ольха" залптык оттун реактивдүү тутуму менен аткылаган, анын кесепетинен улам тээктер жабыркап, бирок дамбанын өзү аман калган. Азыр сууну улам төгүп, коё берип жатышат. Аймактагы суу баскан округдардан 4,3 миңге чукул адам эвакуацияланган.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Каховка ГЭСин Киев режими аскерлерди Херсон багытынан чабуул коюуну пландаган районго которуу үчүн жардырганын белгилеген. Тергөө комитети аталган факты боюнча иш козгоп, тергөө иштерин баштаган.
Каховка ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станцияларынын каскадындагы алтынчы тепкич, Херсондогу Жаңы Каховка шаарынан беш чакырым аралыкта жайгашкан. Анын кыйроосу миңдеген адамдын өлүмүн шарттайт. Жаңы Каховка 2022-жылы 30-сентябрда жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Россияга кирген Херсон облусунда жайгашкан.
Жаңы Каховка: 11 метрге көтөрүлүп кеткен суунун деңгээли түшө баштады