"Кыргыз көмүрдүн" Балыкчыдагы филиалынын жетекчи орун басары кармалды. Видео

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. "Кыргыз көмүр" ишканасынын Балыкчы филиалында көмүр эсептен чыгарылып, сатылып кеткен. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 2021-2023-жылдар аралыгында дээрлик 6,3 миң тоннадан ашык көмүр жок болгон. Анын баасы 18 миллион 995 миң сом деп бааланууда.
Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана ага караштуу ишканалардын мамлекеттик сатып алууларга катышуу фактылары аныкталган.
Мамлекеттик комитет "Кыргыз көмүр" ишканасынын Балыкчы филиалынын жетекчисинин орун басары У.Т. кармады.
Учурда келтирилген зыяндын толук көлөмүн жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Садыр Жапаров: желген акчаны эки эмес, 5-10 эсе кылып өндүрүүнү карап жатабыз