БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Украинанын Батыш мамлекеттеринин жардамына карабай контрчабуулда ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн көп сандагы жоготуу чектеп жатканын Global Times жазды.
Макаланын авторлору баяндамачылар Ян Шэн менен Чжан Чаньюэ Украина армиясы кырдаалды өзгөртө аларынан күмөн саноодо.
"Киев Артемовскинин алдындагы кармашта чоң жоготууга учурады. Россияны жеңүүгө батыштан келген курал-жарак да жардам бере албайт", — дешкен авторлор.
Россияны изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери Чжан Хун байма-бай жасалып жаткан диверсиялар менен терактыларга карабастан Украинанын туңгуюкка кептелгени анык деген пикирде.
"Россия чалгын кызматы мыкты иштеп жатат. Украина мындай ийгилиги менен мактана албайт, Киев фронтто чыныгы абал кандай экенинен кабарсыз", — деп айтылат макалада.
Украинанын мындан аркы кадамдары Батыштын чечкиндүүлүгүнөн көз каранды болору белгиленди. Баяндамачылардын айтымында, эгер президент Владимир Зеленский жакынкы мезгилде кандайдыр бир ийгилик жарата албаса НАТО курал-жарак жеткирүү боюнча позициясын өзгөртүшү толук ыктымал.