Радио

"Бишкек суу канал": сууну үнөмдөө керек, ал дайыма эле боло бербейт

"Бишкек суу канал" башкармалыгынын башкы инженери Кадырбек Оторов Бишкек шаары боюнча суу колдонууга буга чейин да чектөөлөр болгонун айтты.
Sputnik
Бишкек шаарындагы суу түтүктөрүнүн көбү 1960-1970-жылдары орнотулган. Бул тууралуу Кадырбек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шаардагы суу түтүктөрдүн эң жаңысы 1980-жылы коюлган.
"Бишкек шаары боюнча сууну колдонууга киргизилген чектөөлөр буга чейин да болуп келген. Анткени суу түтүктөрү орнотулуп жаткан кезде шаар жашоочуларынын саны өсөрү эске алынган эмес. Алардын эң эле акыркысы 1980-жылдары курулган. Ал эми басымдуу бөлүгү 1960-1970-жылдары орнотулгандар. Шаардагы суу түтүктөрү өзүнүн жарактуу мөөнөтүн эки жолу аткарып койду. Ошондой эле сууну үнөмдөөгө ар бир жаран салым кошуш керек. Ал дайыма эле боло бербейт. Жер үйдө жашагандардан бак-дарактарды сугарууну токтотуп турууну суранат элем. Барган сайын жер астындагы суулар тартылып, азайып жатат. Жыйынтыгында жашоочуларды суу менен камсыз кылууда көйгөйлөр жаралууда", — деди Оторов.
Ал суу тартыштыгын аны өлчөй турган эсептегичтер аркылуу чечсе болорун кошумчалады.