Депутат: облустук телеканалдарда журналисттерге үч айдан бери маяна берилбей жатат

Эл өкүлдөрү президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып, маселени тез арада чечип беришин талап кылышты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Чойбеков облустук телеканалдарда иштеген кызматкерлер үч айдан бери маянасын ала албай жатканын билдирди.
Эл өкүлүнө аталган телеканалдарда иштеген журналисттер кайрылып, жардам сураган.
"Үч ай мурун облустук телеканалдар Маданият министрлигинен УТРКга өткөрүп берилген. Ошондон бери журналист, операторлор, бардык эмгек жамааты маянасын ала албай жатышат. Батирде жашагандар, кредит төлөгөндөр бар, ушуга жакшылап көңүл буруп, тапшырма берип койсоңуз", — деп кайрылды депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө.
Ушул эле маселени Дастанбек Жумабеков да көтөрүп, реформа жасоонун процедурасы иштелип чыккан эмес деп сындады. Анын айынан жөнөкөй кызматкерлер кыйналып жатканын белгилеп, тез арада бул көйгөйдү чечип берүүнү талап кылды.
Өкмөт прокурор каза болсо берилчү компенсацияны 12 эсе азайтууну сунуштады