Депутаттардын берген добушун төраганын уруксаты менен гана жарыялоо сунушталды

Учурдагы регламентте эч кимдин уруксатысыз эле добуштар ЖКнын сайтына жарыяланат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамдарды кабыл алуудагы берген добуштарын төраганын уруксаты менен гана жарыялоо сунушталды. Аталган демилгени эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев, Нурланбек Азыгалиев көтөргөн.
Алар парламент регламентинин бир нече нормасын өзгөртүүнү көздөп, долбоорду коомдук талкууга чыгарды.
"Жыйналыштагы депутаттарды каттоонун, алардын ачык добуш берүүсүнүн натыйжалары жана Жогорку Кеңештин жыйналышынын жүрүшү жөнүндө башка маалыматтар төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана жыйындын жүрүшүндө берилүүгө тийиш. Ошондой эле ушул мыйзамга ылайык, парламенттин расмий сайтында жайгаштырылат", — деген жаңы норма кошулган.
Учурда иштеп жаткан регламентте эч кимдин уруксатысыз эле депутаттардын берген добуштары ЖК сайтына жарыяланат.
Конституциялык сот: депутатка иш козгосо болот, кармоодо макулдук керек