Радио

Нутрициолог: кош бойлуу аялдын ашыкча салмагы балага да зыянын тийгизет

Нутрициолог Зарина Салиева адам ден соолукта болушу үчүн сөзсүз эле арык эмес, боюна жараша салмакта болушу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Кош бойлуу аялдын ашыкча салмагынын төрт пайызы балага өтөт. Башкача айтканда, наристе ашыкча салмак менен төрөлүп эле эмес, кийин да толуп кетүү ыктымалдуулугу жогору болуп калыптанат. Бул тууралуу Зарина Салиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ашыкча салмактан арылуу менен көптөгөн илдеттерди алдын алса болот.
"Ашыкча салмак менен жүрүп анан арыктаган соң көп кишилер энергиясы көбөйүп, өзүн кубаттуу сезип калганын айтышат. Уйкусу жакшырып, маанайы ачылат. Чарчоо, алсыроо, тердөө деген сыяктуу көптөгөн жагымсыз учурлардын кайталанбай калганын билдиришет. Мунун баары катардагы эле адамдардын сезимдери. Ал эми аялдар кош бойлуу кезинде ашыкча салмагы болсо эки эсе кыйналып калышы мүмкүн. Ал эле эмес, ичиндеги түйүлдүктүн да кийин бат эле салмак кошуп алышын шарттайт. Анткени адамдардагы тез толуп кетүү процесси генетикага да байланыштуу. Анын төрт пайызына эненин кош бойлуу кезиндеги ашыкча салмагы себепкер болуп калышы мүмкүн", — деди Салиева.
Нутрициолог адам ден соолукта болушу үчүн сөзсүз эле арык эмес, боюна жараша салмакта болушу зарылдыгын кошумчалады.