8-июнга карата аба ырайы

8-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бейшембиде Ысык-Көл менен Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +35...+40, Талас өрөөнүндө +33...+38, Ысык-Көлдө +25...+30, ал эми Нарында +22...+27 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +37...+39, Ош калаасында +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +25...+27 градуска жетет.
Эркектер галстук тагынбай эле койгону оң. Катуу ысыкта эске алчу эрежелер