Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ГЭС талкалангандан кийин Жаңы Каховканы суу каптап кетти

Түндө украин армиясы Каховка ГЭСинин жогорку бөлүгүн "Ольха" залптык оттун реактивдүү тутуму менен аткылаган, натыйжада тээктер жабыркап, бирок дамбанын өзү аман калган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Украина күчтөрүнүн соккусунан Каховка ГЭСи кыйрап, Жаңы Каховка шаарын суу каптап кетти. Бул тууралуу шаар округунун башчысы Владимир Леонтьевдин маалыматына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Карагылачы, эмне болуп жатканын... Шаар суу алдында калды", — деген чиновник "Россия 1" телеканалынын журналисттерине калааны терезеден көрсөтүп жатып.
Буга чейин ал Украина Куралдуу күчтөрү Днепрдин оң жээгинен аткылоосун улантып жатканын билдирген. Бийликтин алдында элди алып чыгып кетүү милдети турганын айткан болчу. Бул үчүн Днепрди бойлоп ылдый көздөй жайгашкан калктуу пунктулар электр түйүнүнөн өчүрүлүп жатканы белгиленген.
Каховка ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станцияларынын каскадындагы алтынчы тепкич, Херсондогу Жаңы Каховка шаарынан беш чакырым аралыкта жайгашкан. Анын кыйроосу миңдеген адамдын өлүмүн шарттайт.
Россия буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешине украин аскерлеринин ГЭСти аткылоо боюнча чагымчыл аракеттерин токтотууну талап кылып, кат менен кайрылган.
Түндө украин армиясы Каховка ГЭСинин жогорку бөлүгүн "Ольха" залптык оттун реактивдүү тутуму менен аткылаган, натыйжада тээктер жабыркап, бирок дамбанын өзү аман калган. Ушу тапта суунун агымын көзөмөлдөөгө болбой жатат.
Леонтьевдин айтымында, ГЭС оңдоп-түзөөгө жатпайт, аны кайра башынан куруу керек. Суунун деңгээли айрым жерде 8 метрге чейин көтөрүлгөнү айтылууда. Мындан Каховка ГЭСинен төмөн жайгашкан 14 калктуу конуштун 22 миң тургуну жабыр тартышы мүмкүн. Ал эми Херсондун Киевдин карамагындагы бөлүгүндө суу сегиз конушту каптаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Пентагон Украинанын контрчабуулу башталганын так айта албай жатат