Шашылыш билдирүү. Жакынкы үч күндө катуу ысык болуп, 40 градуска чыгат

Нарын менен Ысык-Көл дубандарынан сырткары беш облуста күндүн катуу ысый турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жакынкы үч күндө — 7-9-июнда республикада күн катуу ысып, бир катар облустарда аптап +39 градуска жетерин Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдирди.

"Аабанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +35…+40 градуска, Талас облусунун өрөөнүндө +33…+38 градуска чейин жетиши күтүлөт", — деп айтылган маалыматта.

Агенттик мындай аба ырайында ден соолукка абайлап мамиле кылууну жана айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу туурасында эскертти.
"Организмде суюктуктун азайып кетишинен жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күн түз тийген жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырабыз. Андан сырткары, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат", — деп айтышты.
Жайдын алгачкы күндөрү катуу ысык болобу? Бир жумага карата аба ырайы