Министрлик тузду ашыкча колдонуунун негизги үч зыянын атады

Туздуу тамак мээнин иштешин начарлатып, жүрөк, бөйрөк ооруларын пайда кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги тамак-ашка тузду ашыкча колдонгондо организмге кандай кесепети тиерин эскертти.
Мекеменин билдирүүсүндө негизги делген үч зыян аталган:
мээни азыктандырган артериялардын бузулушу андагы кычкылтектин жетишсиздигине алып келет, артериялар жетишсиз азыктанат. Мындан улам мээнин иштеши бузулат;
кан басымдын көтөрүлүшүнөн улам жүрөккө кеткен кан тамырлар кичирейип, ишемиялык жана жүрөк оорулары пайда болот;
тузду ашыкча колдонгондо организмден суюктуктун бөлүнүп чыгышы татаалдашат. Бөйрөктө таш пайда болуу, ага байланышкан өнөкөт оорулар да тузду нормадан көп колдонуудан келип чыгат.
Радио
Нутрициолог тамакты чектебей, бирок толбой жүрүүнүн жолдорун айтып берди