Дулдул окумуштуу эле. Жапаров Бутанаевдин көз жумганына байланыштуу көңүл айтты

Этнограф жана түрколог Виктор Бутанаев енисейлик кыргыздардын орто кылымдагы этносаясий уюшулушун изилдеген. Өз иштеринде енисейлик, алтайлык жана тянь-шандык кыргыздардын бирдиктүүлүгүн далилдеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров түрколог, россиялык окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Виктор Бутанаевдин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Мамлекет башчы социалдык баракчасында Бутанаевдин дүйнө салышы дүйнөлүк тарых илиминде, айрыкча, кыргыз тарыхы менен байланыштуу илимде оор жоготуу деп белгилеген.
"Түрк элдеринин этнографиясын изилдеген окумуштуу кезинде Кыргыз каганаты өзүнчө бир империяга айланып, чоң аймакты ээлеп тургандыгын, белгилүү бир мезгилдерден кийин ал империя урап, калктын бир бөлүгү Тянь-Шанда калса, бир бөлүгү Енисейге көчкөнүн, мына ошентип Тянь-Шань кыргыздары менен Түштүк Сибирь эли бир тууган эл экенин айныксыз тарыхый фактылар менен таасын далилдеп берген дулдул окумуштуу эле! Айрыкча кыргыз элинин тарых-таржымалынын такталышына эбегейсиз салым кошкон инсан болчу. Анын изилдеген илимий эмгектери биздин тарыхыбыз тууралуу ар кандай бүдөмүк пикирлерди четке сүрүп, улуу кыргыз эли учурунда улуу дөөлөт курганын дагы бир жолу тастыктап берген" , — деген президент.
Этнограф жана түрколог Виктор Бутанаев енисейлик кыргыздардын орто кылымдагы этносаясий уюшулушун изилдеген. Өз иштеринде енисейлик, алтайлык жана тянь-шандык кыргыздардын бирдиктүүлүгүн далилдеген.
Бутанаев Кыргызстанга келип-кетип турган. 2017-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев орто кылымдагы кыргыздардын тарыхын изилдөөгө салым кошкон, III даражадагы Манас ордени менен сыйланган археолог Юлий Худяков менен этнограф Виктор Бутанаевди кабыл алып, эмгектерин баалаган.
Төмөндө Жапаровдун көңүл айтуусун толук беребиз:
Улуу Кыргыз каганаты түзүлгөн Эне-Сай доорун, Тянь-Шань кыргыздары менен Эне-Cай кыргыздарынын өзөгү кандай байланышарын изилдеп, тактап берген хакас элинин атактуу түрколог-окумуштуусу Виктор Бутанаевдин дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Түрк элдеринин этнографиясын изилдеген окумуштуу кезинде Кыргыз каганаты өзүнчө бир империяга айланып, чоң аймакты ээлеп тургандыгын, белгилүү бир мезгилдерден кийин ал империя урап, калктын бир бөлүгү Тянь-Шанда калса, бир бөлүгү Эне-Сайга көчкөнүн, мына ошентип Тянь-Шань кыргыздары менен Түштүк Сибирь эли бир тууган эл экенин айныксыз тарыхый фактылар менен таасын далилдеп берген дулдул окумуштуу эле!
Ал айрыкча кыргыз элинин тарых-таржымалынын такталышына эбегейсиз салым кошкон инсан эле. Анын изилдеген илимий эмгектери биздин тарыхыбыз тууралуу ар кандай бүдөмүк пикирлерди четке сүрүп, улуу кыргыз эли учурунда улуу дөөлөт курганын дагы бир жолу тастыктап берген.
Маркум Виктор Бутанаевдин кыргыз таанууга кошкон өлчөөсүз эмгегин баалаган кыргыз бийлиги аны учурунда Даңк медалы, III даражадагы Манас ордени менен сыйлаган. Ал эми айрым университеттер ага "ардактуу профессор" наамын ыйгарган.
Кыргызга, кыргыз тарыхына салым кошкон бир тууганыбыздын үй-бүлөсүнө, жакындарына, бир боор хакас элине жана жалпы эле Россиянын илимий чөйрөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Кош болуңуз, улуу окумуштуу!
Жаткан жериңиз жайлуу болсун!
Sputnik Кыргызстандын журналисти Бакыт Толканов орус окумуштуулары — түрколог Виктор Бутанаев жана археолог Юлий Худяков менен Улуу Кыргыз каганаты, Енисей кыргыздары, алардын тарыхы жана Тянь-Шань кыргыздар менен байланышынын тегерегинде маектешкен.
Кыргызстандын тарыхчылары түрк дүйнөсүндөгү Чоң Алтайды изилдөөсүн улантат