Бишкекте Пушкиндин күнү белгиленди. Видео

Иш-чарага Николай Удовиченко баштаган коноктор катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн, 6-июнда, Кыргыз-Россия Славян университетинде Александр Пушкиндин жана орус тилинин күнү белгиленди.
Студенттер Пушкиндин "Татьянанын Онегинге жазган каты", "Кышкы кеч" сыяктуу белгилүү чыгармаларынан үзүндү окуп, чакан майрамдык концерт тартуулашты. Андан соң акындын эстелигине гүл коюлду.
1 / 5

Бүгүн, 6-июнда, Кыргыз-Россия Славян университетинде Александр Пушкиндин жана орус тилинин күнү белгиленди

2 / 5

Студенттер Пушкиндин "Татьянанын Онегинге жазган каты", "Кышкы кеч" сыяктуу белгилүү чыгармаларынан үзүндү окуп, чакан майрамдык концерт тартуулашты

3 / 5

Андан соң акындын эстелигине гүл коюлду

4 / 5

Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко баштаган коноктор катышты

5 / 5

Мындан тышкары, Россиядагы элдердин достугу университети Кыргызстандын 5-9-класстарынын окуучулары арасында сынак өткөрүүдө

Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко баштаган коноктор катышты.
Мындан тышкары, Россиядагы элдердин достугу университети Кыргызстандын 5-9-класстарынын окуучулары арасында сынак өткөрүүдө. 50дөн ашык окуучу "Орус тили — дүйнөнү ачууга мүмкүнчүлүк", "Орус тили менин өмүрүмдө жана өлкөмдүн тарыхында" деген темаларда эссе жазышкан. Бүгүн жеңүүчүлөргө грамоталар тапшырылды. Ошондой эле Москванын эсебинен Россияга жайкы лагерге барышат. Аталган сынак дагы деле уланууда.
КУУ ректору: Кыргызстанда орус тили бааланат, эл аны өзү тандайт