Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Запорожье облусунда аскердик кагылышуу уланып жатканы кабарланды

Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Запорожье облусунда согуштук аракеттер уланып жатат. Бул тууралуу "Биз Россия менен чогуубуз" коомдук кыймылынын башчысы Владимир Рогов Telegram-каналына жазды.
"Кечээ күнү башталган кагылышуу бүгүн таң эрте, саат 04:00дөн тарта кайрадан уланды. Душман кармашка кечээкиден дагы көп күч тартты. Учурда салгылашуу болуп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Каршы тарап Новополь, Приютное, Новодаровка, Ровнополь айылдарына басып кирүүгө аракет кылууда. Бул — Запорожье облусу менен ДЭРдин чек арасына жакын жер.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 4-июндун таңында Украинанын Куралдуу күчтөрү фронттун беш жеринде масштабдуу чабуулга өтүп, бирок максатына жетпей калганы кабарланган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын аскердик операция: Украина Аскер-деңиз күчтөрүнүн соңку кемеси чөктүбү?