Ленин округу: 25 миң сом үчүн Улан Сариевдин да добуштары жокко чыгарылды

Сариев шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 2 070 добуш алып экинчи орунда турган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ленин округундагы дагы бир талапкер Улан Сариевдин добуштары жокко чыгарылды.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйында Сариевге карата козголгон иш боюнча УКМКнын маалыматын укту.
Натыйжада талапкер үгүт маалында шайлоо фондунан сырткары башка булактардан 25 миң сом колдонгону үчүн талапкер катары каттоосу жокко чыгарылды.
Сариев аталган каражатты шайлоо штабы жайгашкан имараттын ижарасын төлөөгө жумшаганын айтып, добуштарды жокко чыгарбоону суранды.
Ал эми добуш сатып алганы, административдик ресурс колдонгону боюнча фактылар тастыкталган жок.
Белгилей кетсек, Улан Сариев 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 2 070 добуш алып экинчи орунга чыккан.
Биринчи болуп бараткан Дамира Ниязалиева да добуш сатып алууга айыпталып, жеңиши четке кагылды.
Мыйзам боюнча, эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп таанылса, БШК "шайлоонун жыйынтыгы анык эмес" деген бүтүм чыгарат. Мындай учурда бир айдын ичинде кайра шайлоо өтөт. Учурда добуштардын 47 пайызы жокко чыгып калды.
БШК Дамира Ниязалиеванын шайлоодогу жеңишин жокко чыгарды